Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстандын калкы 7 4136 адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Билдирүүгө ылайык, жогорудагы көрсөткүч ушул жылдын 1-февралына карата алынган. Аялдар эркектерге караганда 76,4 миңге көбүрөөк. Аялдар — 3 миллион 745 миң; Эркектер — 3 миллион 668 миң 500. Ошондой эле анда шаар жергесинде 3 миллион 135,6 миң, элетте 4 миллион 277,9 миң адам жашаары айтылат. Калктын эң көп бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарбачылык тармагынын экспорттоочулары жана фермерлер менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлөргө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыктарды кошумча эсептөө маселелери талкууланды. Салык кызматынын төрагасы ишкерлер тарабынан айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди жана көйгөйлүү маселелерди укту. Жолугушуунун катышуучулары түзүлгөн кырдаалдын негизги себептеринин бири — айрым экспорттоочуларда малды сатып алуу наркын тастыктаган баштапкы документтердин жоктугу экендигин белгилешти. Натыйжада салык текшерүүлөрүндө иш жүзүндөгү чыгымдарды аныктоо мүмкүн болбой, киреше салыгы продукциянын толук сатуу суммасынан эсептелип, кошумча салык салууга алып келүүдө.Жолугушуунун жыйынтыгында, президенттин бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мал чарбачылык экспорттоочулары үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөнү сунуштады. Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого жана кубаттоого алынды.
Чет элдиктердин Кыргызстандын аймагында жүрүшү боюнча жобого өзгөртүү киргизилди. Бул туурасында ТИМден кабарлашты. Бул кадамдар миграциялык процесстерди андан ары тартипке келтирүүгө, чет элдиктердин өлкөдө болушун мыйзамдаштыруу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле бул жаатта кыйла ачык-айкын жана ийкемдүү шарттарды түзүү максаты каралганы
Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы 140 млн сом каралган. Облус жетекчиси Мамыржан Рахимов имараттын курулуш иштерин көрүп чыкты. Облус прокурору Абай Молдокматов административдик эки кабаттуу имаратта кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөрүн айтты.