Жол милициясы: тойго өспүрүмдөр автоунаа айдап чыккан. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Катарлаша жолду ээлеген автоунаалар каршы тилкеге чыгып, желекти булгалап, автокөлүктөрдү ойноктотуп бараткан видео интернет айдыңына тарап, бул боюнча Кайгуул кызматы комментарий берди.
Роликтен андагы алар жашы жете электердин бири жанындагы досу үйлөнүп жатканын айткан.
Мекемеден билдиришкендей, Чүй жана Бишкектин аймагында BMW жана Lada Priora автоунааларын башкарып бара жаткандар башка айдоочуларга кооптуу жагдайларды жараткан.
Кайгуулчулар автомашиналарды жашы жете электер айдап жүрүшкөнүн аныкташкан. Алардын ата-энелерине карата тиешелүү укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Кайгуул кызматы ата-энелерге балдарга көзөмөл кылууну эскертти.
Ошто BMW унаасын чимирип айдаган балага айып пул салынды