Кудайдан бир эле нерсе тилейм... Султан Садыралиевдин маеги

2003-2005-жылдары романтикалык ырлары менен элдин жүрөгүн багындырган Султан Садыралиев бүгүн да популярдуулуктун сап башында.
Sputnik
"Жөнөкөй жигит", "Махабатым", "Кудача кыз" деген чыгармалары менен таанылган ырчы учурда кырктын кырына келип, угармандарын дагы эле "Өмүрдү" ырдап толкутуп, сүйүү тууралуу чыгармалары менен махабатка балкытып келет.
Султан Садыралиев маек төрүбүзгө келип, жакында концерт берерин, киного тартылганын айтып, жаңылыктары менен бөлүштү. Ырчы маек учурунда белгилүү чыгармаларынын жаралуу тарыхына да токтолду
Ырчы жашоодо оңою менен ыйлабай турганын айтат. Үйдө "эркек ыйлабайт" деген тарбия менен чоңойгону үчүн эмоциясын сыртка чыгарбай, ичинен сызарын белгиледи. Мындан улам атасы дүйнөдөн өткөндө айыл эли "баласы ыйлаган жок" деп сөз кылышканын эстеди.
"Атам түшүмө кыйналганда көп кирет. Жашооңдо бир нерсени чече албай кыйналып калганда же турмушуңда туура эмес сөздөрдү угуп калсаң... Ушундай кездерде түшкө кирип калат. Кирери менен тура калып даарат алып, куран окуйбуз. Бирок атамдын түшкө киргени жагат. Сонун да. Көрүп аласың. Бир нерсени айткың келип же атам болгондо айтмакмын деп ойлонуп калгангабы... Өзү жашоодо сен үчүн күйгөн, сен тууралуу такыр жаман ойлобогон, ийгиликтүү болгонуңду каалаган — бул эң биринчи ата-энең дейт го", — деди Садыралиев.