ЖМК: АКШда Пентагон Иранга жерден чабуул жасоого даярданып жатканын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. АКШнын Согуш министрлиги Иранга жерден чабуул жасоого даярданып жатканын Washington Post басылмасы жазды.
"Расмий өкүлдөр кургактагы кандай операция болбосун жапырт, толук кол салуу деп эсептелбестигин айтышууда. Тескерисинче, ал атайын операциялык күчтөрдүн жана жөө аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен рейддери", — деп жазылган макалада.
Басылманын маалыматына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп акыркы бир нече жумада иштелип чыккан пландардын кайсынысын жактырары азырынча белгисиз.
Ал эми кечээ АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Жакынкы Чыгышка АКШ Аскер-деңиз флотунун USS Tripoli десанттык кемеси келгенин билдирди.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
Израиль менен АКШ Ирандагы өзөктүк объектилерге сокку уруп, Тегеран жооп кылды