БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын калкы 7 4136 адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жогорудагы көрсөткүч ушул жылдын 1-февралына карата алынган. Аялдар эркектерге караганда 76,4 миңге көбүрөөк.
Аялдар — 3 миллион 745 миң;
Эркектер — 3 миллион 668 миң 500.
Ошондой эле анда шаар жергесинде 3 миллион 135,6 миң, элетте 4 миллион 277,9 миң адам жашаары айтылат.
Калктын эң көп бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.