БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы 30-марттан 5-апрелге чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, 29-марттан 2-апрелге чейин жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел, Көк-Арт ашууларында, Чычкан капчыгайында жана автожолдордо көчкү түшүшү мүмкүн. Бул күндөрү ашууларда жолдор тайгак болуп, муз тоңот, айдоочулар алдыдагы автоунаа менен 500 метр аралыкты сакташы керек.
Чүй облусу
30-мартта күн ачык болуп, 31-мартта күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Ал эми 1-4-апрелде жаан-чачын болбойт. Аптанын соңку күнүндө күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнү +5...+10, күндүз +22 градустан +28 градуска чейин жетиши болжолдонгон. Ал эми Суусамырда түнү -10...-17 градус суук, күндүз +2...+3 градус жылуу болору күтүүлүүдө.
Талас облусу
Облус аймагында аптанын биринчи күнүндө күн ачык болот. 31-мартта айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. 1-4-апрелде күн ачык болуп, жекшембиде күндүз айрым жерлерде кайрадан жамгыр жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +1...+10 градус, күндүз +18...+23 градус болот. Талас шаарында күндүз термометр +21...+23 градусту көрсөтүп турат.
Ош облусу
Облус аймагындагы тоолуу райондордо 30-31-мартта кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-3-апрель күндөрү күн ачык болот. 4-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөп, мындай аба ырайы эртеси да уланат.
Облуста абанын температурасы түнкүсүн +10...+16, күндүз +21...+29 градуска чейин жетиши мүмкүн. Ош шаарында түнкүсүн жылуулук +12...+17, күндүз +25...+28 градусту түзөт.
Жалал-Абад облусу
Аптанын алгачкы күнүндө түнкү учурларда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 31-мартта кайра тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал. Ал эми 1-4-апрелде күн ачык болот. 5-апрелде кайра айрым жерлерде жаан жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +9...+15, күндүз +22...+26 градус болору божомолдонгон. Ал эми Манас шаарында күндүз абанын температурасы +24...+29 градуска чейин жетет.
Баткен облусу
30-мартта Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт. 31-март жана 1-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 2-3-апрелде күн ачык болот. 4-апрелде түнү жана эртеси, 5-апрелде, тоо этектерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Облус аймагында түнкүсүн абанын температурасы +9...+14 градус болсо, күндүз +21...28 градуска жетет. Баткен шаарында +21...+25 градус болору айтылган.
Ысык-Көл облусу
Облуста аптанын алгачкы күнүндө жаан-чачын болбойт. 31-мартта айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы 1-апрелде күндүз кайра кайталанат. 2-3-апрель күндөрү күн ачык болот. 4-5-апрелде тоо этектерде жаан жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -2...+3 градус болсо, күндүз термометр +14...+20 градусту көрсөтөт. Караколдо күндүз +17...+19 градус болот.
Нарын облусу
Кыргыз гидрометеорологиянын божомолу боюнча, алдыдагы аптада Нарын облусунда жаан-чачын болбойт.
Облус аймагында абанын температурасы түнкүсүн -3...+5, күндүз +13...+21 градус болушу болжолдонгон. Нарын шаарында күндүз күндүн жылуулугу +15...+21 градуска жетет.