БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Тегеран Вашингтондон жергиликтүү убакыт боюнча 30-март түшкө чейин Ирандын университеттерине жасалган чабуулдарды айыптоону талап кылды. Бул туурасында Tasnim агенттиги жазган. https://ria.ru/20260329/iran-2083561528.html
Иран АКШ билдирүү менен чыгып тим болбостон, союздаштарынын күчүн да токтотушу керектигин айткан. Эгер андай болбосо дал ушул тейде туруп, кырдаалдын мындан аркы курчушуна жоопкерчилик Вашингтонго жүктөлөрүн айткан.
"Тегеран Вашингтондон дүйшөмбү, 30-мартта, Тегеран убактысы боюнча түшкө чейин Ирандын университеттерине жасалган варвардык бомбалоолорду айыптоону талап кылды. Ошондой эле союздаштарынын күчтөрүн ооздуктай албашы Ирандын кийинки соккуларын мыйзамдуу кыларын эскертти", — деп агенттик X соцтармакка жазды.
Press TV мурдараак Тегеран алардын университетине жасалган чабуулдан кийин АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы ЖОЖдорун мыйзамдуу бута деп атаган.