БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Чет элдиктердин Кыргызстандын аймагында жүрүшү боюнча жобого өзгөртүү киргизилди. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Бул кадамдар миграциялык процесстерди андан ары тартипке келтирүүгө, чет элдиктердин өлкөдө болушун мыйзамдаштыруу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле бул жаатта кыйла ачык-айкын жана ийкемдүү шарттарды түзүү максаты каралганы айтылды.