Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы эмнеге өскөнүн түшүндүрдү Канат Эшатов декабрь айында Россиядагы дүң баалар 20 пайызга арзандаганын эске салды. "Дал ушул себептен январда Кыргызстандын ичинде чекене баа 3 сомго түшкөн. Бирок 25-январдан тарта заводдор кайра көтөрүп, биз үчүн дүң баа өсө баштады. Бул - биринчи себеп", — деди ал. Анын айтымында, экинчи себеп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу. "Ал жерден дүйнөлүк мунай заттарынын 20 пайыздан ашыгы келет. Бул дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизүүдө. Мисалы, Кытайдын ички керектөөсүнүн жарымы Жакынкы Чыгыштын мунайынын эсебинен толукталып келген. Алар 10-марттан бери экспортту толугу менен токтотуп, импортту көп кылып жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө алар Россиядан мунай заттарын арбын сатып ала баштады", — деп билдирди Эшатов. Анын айтымында, эгер мурда кыргызстандык мунай трейдерлери РФтен бир тоннасын 700 доллардан төмөн сатып алышса, бүгүнкү күндө дүң баа 800 доллардан ашып, 900гө жакындады. Ал эми Кытай 1000 доллардан жана андан да жогору баада алууга даяр экенин кошумчалады.
Кыргызстанда кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Азыркы мыйзамда маркумдун керээзи же жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу максатында сөөктү кремациялоого уруксат берилген. Бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес, крематорийлер жок. Агенттик белгилегендей, бул үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл. Мындан улам кремацияны 2040-жылга чейин токтотуу сунушталды. Ага чейин крематорийлерди курууга жана ишке киргизүүгө тыюу салынат.Кыргызстанда крематорий куруу маселеси эки жыл мурун көтөрүлгөн. Анын башкы максаты биологиялык калдыктарды өрттөө деп айтылган.
Тегеран Вашингтондон жергиликтүү убакыт боюнча 30-март түшкө чейин Ирандын университеттерине жасалган чабуулдарды айыптоону талап кылды. Бул туурасында Tasnim агенттиги жазган. Иран АКШ билдирүү менен чыгып тим болбостон, союздаштарынын күчүн да токтотушу керектигин айткан. Эгер андай болбосо дал ушул тейде туруп, кырдаалдын мындан аркы курчушуна жоопкерчилик Вашингтонго жүктөлөрүн айткан."Тегеран Вашингтондон дүйшөмбү, 30-мартта, Тегеран убактысы боюнча түшкө чейин Ирандын университеттерине жасалган варвардык бомбалоолорду айыптоону талап кылды. Ошондой эле союздаштарынын күчтөрүн ооздуктай албашы Ирандын кийинки соккуларын мыйзамдуу кыларын эскертти", — деп агенттик X соцтармакка жазды. Press TV мурдараак Тегеран алардын университетине жасалган чабуулдан кийин АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы ЖОЖдорун мыйзамдуу бута деп атаган.