Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кымызды улуттук бренд катары өнүктүрүү жана коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, кымыз өндүрүүчүлөргө салык жеңилдиктери каралат. Жаңы түзүлгөн ишканалар үч жылга киреше салыгынан бошотулуп, экспорттон түшкөн кирешенин 50 пайызына беш жылга жеңилдик берилет. Ошондой эле өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда. Кымыз продукциясына милдеттүү QR-код киргизилип, ансыз чыгарылса же жалган маалымат берилсе, жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 50 миң сом айып пул салуу сунушталган. "Кыргыз кымызы" брендин мыйзамсыз колдонгондорго 100 миң сом айып салынып, товары конфискацияланат. Мындан тышкары, керектөөчүлөрдү адаштырган маркалоо үчүн жарандарга 10 миң сом, компанияларга 50 миң сом айып пул каралган. "Кыргыз кымызы" географиялык аталышын мыйзамсыз колдонгондорго 10 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом айып салынат.
"Аю" компаниясынын мурунку ээси, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов кызынын атындагы "Томми молл" соода борбору убагында арзан баада башка адамдарга өтүп кеткенин билдирип, бул боюнча ачык жана калыс иликтөө жүргүзүүнү суранып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Өз кезегинде Ташиевдин уулу Тай-Мурас маалыматты четке кагып, мүлктүн бир да тыйыны алардын үй-бүлөсүнө өтпөгөнүн билдирди. "Бул — карандай калп. Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект биздин үй-бүлөгө өткөн эмес. Комиссия түзүлүп, бардык мүлктөр текшерилсин. Ошондо мамлекетке кайсы мүлк өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек", — деди ал.
Чет элдиктердин Кыргызстандын аймагында жүрүшү боюнча жобого өзгөртүү киргизилди. Бул туурасында ТИМден кабарлашты. Бул кадамдар миграциялык процесстерди андан ары тартипке келтирүүгө, чет элдиктердин өлкөдө болушун мыйзамдаштыруу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле бул жаатта кыйла ачык-айкын жана ийкемдүү шарттарды түзүү максаты каралганы айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон НАТОго анын кадамдарынан улам колдоосун токтотушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Трамп Майамидеги сөзүндө Америка НАТОго жылына жүздөгөн миллиард доллар сарптап турганын ачыктаган. "Биз дайыма аларды колдоп келебиз, бирок эми алардын мамилесинен улам колдоонун деле кереги жоктой көрүнөт, туурабы?" — деген ал. АКШнын президенти Ормуз кысыгы боюнча Вашингтондун өтүнүчүнө НАТО тараптан оң жооп берилбесе анын кесепети жакшы болбостугун буга чейин да эскерткен.АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда.