БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов менен Сезим Жуманазарова 28-мартка караган түнү Ташкентте өткөн PWL 11 турниринде жеңишке жетишти.
82 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Махмудов учурдагы Олимпиада чемпиону япониялык Нао Кусаканы сенсациялуу утуп алды. Кыргызстандык балбан атаандашын бир нече жолу көтөрүп чаап, эсепти 19:6га жеткирди. Упайлардын айырмасы 10го жеткендиктен, кармаш биринчи раундда эле жыйынтыкталды.
Акжол беттештен кийин күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, Олимпиадага деген үмүтү өчпөй турганын, аягына чейин барарын айтты.
Ал эми Сезим Жуманазарова өзбекстандык атаандашы Лайлохон Сабированы 9:3 эсебинде утуп алды. Ал кармаштын акыркы мүнөттөрү өтө оор болгонун белгилеп, жеңиштен кийин көзүнө жаш алган.
Жалпысынан бул турнирге Кыргызстандан алты спортчу катышты.