БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда үрөй учурган жол кырсыгы болуп, андан алты адам каза болду.
Каргаша кечээ Ананьево жана Семеновка айылдарынын ортосунда болгон. Облустук ЖКККБ билдиргендей, Volkswagen Passat унаасы жолдун сол тарабынан чыга калганда Mercedes-Benz E 420 андан буйтап, каршы тилкеде келе жаткан Renault Samsung SM6 унаасы менен сүзүшкөн. Эки унаанын тең айдоочусу мүрт кеткен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыкка жалпы 11 адам кабылган, арасында эки жашар бала бар.
Ооруканага жаткырылган эки киши жандандыруу бөлүмүндө, бири ИВЛ аппаратына туташтырылган, абалы өтө оор деп бааланып жатат.
Калган үч адам амбулатордук негизде дарыланууда.