Абдыкеримов "Томми молл" боюнча президентке кайрылды, Ташиевдин уулу жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Аю" компаниясынын мурунку ээси, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов кызынын атындагы "Томми молл" соода борбору убагында арзан баада башка адамдарга өтүп кеткенин билдирип, бул боюнча ачык жана калыс иликтөө жүргүзүүнү суранып президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Анда УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.
Өз кезегинде Ташиевдин уулу Тай-Мурас маалыматты четке кагып, мүлктүн бир да тыйыны алардын үй-бүлөсүнө өтпөгөнүн билдирди.

"Бул — карандай калп. Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект биздин үй-бүлөгө өткөн эмес. Комиссия түзүлүп, бардык мүлктөр текшерилсин. Ошондо мамлекетке кайсы мүлк өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек", — деди ал.

"Кыргызнефтегаз" иши боюнча кармалгандар тергөө абагына киргизилди