Эксперт: БУУдагы добуш берүү Европа жоопкерчиликтен баш тартканын көрсөттү

Эксперт Эсен Усубалиевдин пикиринде, добуш берүүнүн жыйынтыгы Батыш өлкөлөрү кулчулуктун кесепети үчүн тарыхый жана моралдык жоопкерчиликти моюнга алгысы келбегенин айгинелейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. АКШ, Израиль жана Аргентинанын европалыктардын кул соодасын оор кылмыш катары таануудан баш тартышы маселени кайра карап баа берүүгө чекит койду. Мындай пикирин тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эсен Усубалиев билдирди.
Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы кул соодасын "адамзатка каршы эң оор кылмыш" деп тааныган резолюция кабыл алган. Аны Гана демилгелеп, кенемте төлөө маселесин кошо көтөргөн.
Эксперт Европанын 50дөн ашык өлкөсү добуш берүүдөн карманганы алардын моралдык да, башка да жоопкерчилик алууга даяр эместигин ачык көрсөтөрүн белгиледи.

"Алар адамзатка каршы жасалган тарыхый кылмыштар үчүн моралдык жоопкерчиликти моюнга алуудан баш тартып жатышат. Мындан тышкары, тарыхта бул тууралуу кандайдыр бир эскерүү калышын каалашпайт. Башкача айтканда, африкалыктарга көргөзгөн кордуктары кылмыш катары таанылбай, унутулуп калса деген ниетте. Бул окуяны эл аралык мамилелердин контекстинде карасак, маселе алардын Африка жана Түндүк Африка өлкөлөрү менен мамилесине олуттуу таасир этет. Резолюция боюнча добуш берүү Батыш Европа менен көпчүлүктүн ортосунда терең ажырым бар экенин көрсөттү. Бул — адам укуктарына болгон мамиле менен аны саясий максаттар үчүн манипуляциялоо", — деди ал.

Африка өлкөлөрү кулчулукка айыптап ЕБ мамлекеттерин сотко берүү ниетинде