БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кымызды улуттук бренд катары өнүктүрүү жана коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Ага ылайык, кымыз өндүрүүчүлөргө салык жеңилдиктери каралат. Жаңы түзүлгөн ишканалар үч жылга киреше салыгынан бошотулуп, экспорттон түшкөн кирешенин 50 пайызына беш жылга жеңилдик берилет. Ошондой эле өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда.
Кымыз продукциясына милдеттүү QR-код киргизилип, ансыз чыгарылса же жалган маалымат берилсе, жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 50 миң сом айып пул салуу сунушталган. "Кыргыз кымызы" брендин мыйзамсыз колдонгондорго 100 миң сом айып салынып, товары конфискацияланат.
Мындан тышкары, керектөөчүлөрдү адаштырган маркалоо үчүн жарандарга 10 миң сом, компанияларга 50 миң сом айып пул каралган. "Кыргыз кымызы" географиялык аталышын мыйзамсыз колдонгондорго 10 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом айып салынат.