Быйыл балдар 1-класска гана катталат. Агартуу министрлиги чоо-жайын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Быйыл балдар 1-класска гана катталат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, былтыркыдай биринчи, анан экинчи класска каттоо деген болбойт. 2026-2027-окуу жылында 1-класска негизинен 2020 жана 2019-жылы төрөлгөн балдар барат.
Ошондой эле ал быйыл эмне үчүн балдар дароо 2-класска отурбай турганын түшүндүрдү.
"Билим берүү системасын трансформациялоо боюнча өткөн жылы гана биринчи жана экинчи класска каттоо жүргүзгөнбүз. Бир чоң секирик болгон. 12 жылдык окууда 1-класска 6 жаштан баштап барат деп жатпайбызбы, ошон үчүн бир жолу гана дароо 2-класска каттадык. Эми андай муктаждык жок", — деди Жусупбекова.
Үстүбүздөгү жылы өлкө боюнча 1-класска 170 миңдей бала барышы күтүлүүдө. Анын ичинен Бишкекте болжол менен 25 миңдей бала мектеп босогосун аттанганы турат. Агартуу министрлиги быйылкы 1-класстарга мектептерде орун жетиштүү болорун (былтыр бала бакчаларда дагы отурушкан) убадалады.
Мектептерге онлайн-каттоо 1-апрелден тарта башталат