БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкектен батир, Чүйдүн Байтик айылынан жер алып берем деп алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен кабарлашты.
Милициянын айтымында, 36 жаштагы А.И. аттуу келин жабырлануучунун ишенимине кирип, 2024-жылдын ноябрынан быйылкы жылдын январына чейин 334 миң доллар алган. Андан соң изин суутуп кеткен.
Аталган факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.