Трамп колдоо токтошу мүмкүн экенин айтып НАТОго кайрадан сес көрсөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон НАТОго анын кадамдарынан улам колдоосун токтотушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп Майамидеги сөзүндө Америка НАТОго жылына жүздөгөн миллиард доллар сарптап турганын ачыктаган.
"Биз дайыма аларды колдоп келебиз, бирок эми алардын мамилесинен улам колдоонун деле кереги жоктой көрүнөт, туурабы?" — деген ал.
АКШнын президенти Ормуз кысыгы боюнча Вашингтондун өтүнүчүнө НАТО тараптан оң жооп берилбесе анын кесепети жакшы болбостугун буга чейин да эскерткен.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда.
"Короткондон 5 эсе көп таптык". Трамп АКШнын Венесуэладагы чабуулу тууралуу