Израиль менен АКШ Ирандагы өзөктүк объектилерге сокку уруп, Тегеран жооп кылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Израиль менен АКШ Ирандагы бир катар өзөктүк объектилерге сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Хондаб аймагындагы реактор жайгашкан комплекс чабуулга кабылган. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, жабыркагандар жок, алдын ала көрүлгөн коопсуздук чараларынын аркасында калк үчүн коркунуч жаралган эмес.
Ошол эле учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жооп иретинде Кувейттеги Бубиян аралындагы АКШ жана Израилдин аскердик объектилерине сокку урганын билдирди. Маалыматта учкучсуз аппараттар жана баллистикалык ракеталар колдонулуп, бир катар аскердик жайлар бутага алынганы айтылат.
ИРСК билдирүүсүндө соккунун натыйжасында америкалык аскерлер арасында жоготуулар болгондугу айтылууда. Ал эми АКШ жана Израиль тараптан бул маалымат боюнча расмий комментарий бериле элек.
"Бул АКШ менен Израилдин бүгүнкү чабуулдарына жооп. Силер инфраструктурага сокку уруп, от менен ойной баштадыңар, дүйнө муну көрдү. Бул жолу "канга кан" принциби болбойт. Күткүлө!" — дешти Ислам революциясын коргоочу корпустан.
АКШ жана Израиль Иранга каршы операцияны 28-февралда баштаган. Андан бери тараптар бири-бирине сокку урууда. Кырдаалдын курчушу Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамдарынын дээрлик токтошун шарттады.
Жакынкы Чыгыштагы кризистин дүйнөлүк логистикага таасири. Инфографика