БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жекшембиде түштүк облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө +13...+18 градус болуп жылыйт.
Ош шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22…+24, Ошто +21…+23 градуска көтөрүлөт.