Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
"Манас" эл аралык аэропортуна кетчү дагы бир унаа жолу курулууда. Бул тууралуу аба майданынын маалымат кызматы билдирди. Трасса азыркы жолдун түштүк жагына түшүп, узундугу 1,6 чакырымды түзөт. План боюнча, жаңы жол эки тилкелүү болуп, акы төлөнүүчү шлагбаумдарга жакындаган жеринде сегиз тилкеге чейин кеңейтилет. Ошондой эле жолдордун ортосу жашылдандырылат. Аэропортко алып барчу азыркы жол "Манас-2" аэровокзалына каттай турган расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждер үчүн колдонулуп, жаңысы жалпы пайдаланууда болот. Учурда аэропорт да кеңейтилип жатат. Анын аянты чоңоюп, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт. Мындан тышкары, 650 унаага ылайыкталган жабык унаа токтотуучу жай курулууда.
Бишкекте эми көп кабат тамдардын короосуна жеңил курулуштарды салууга чектөө коюлду. Курулуш, архитектура жана турак жай чарба министрлигинин буйругу менен эми ал жерлерге соода күркөсүн, павильон, бастырма, металл тенттерди, гараж орнотууга болбойт. Бул чара шаардыктардын мындай объектилерди мыйзамсыз салуусуна карата кайрылуусунан улам болгондугун билдиришти. Ал эми буга чейин орнотулган курулуштардын тагдыры эмне болорун так айтышкан жок.
Кыргызстанда кремацияга (сөөктү өрттөп, күлүн жерге берүүгө) 2040-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Азыркы мыйзамда маркумдун керээзи же жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу максатында сөөктү кремациялоого уруксат берилген. Бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес, крематорийлер жок. Агенттик белгилегендей, бул үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл. Мындан улам кремацияны 2040-жылга чейин токтотуу сунушталды. Ага чейин крематорийлерди курууга жана ишке киргизүүгө тыюу салынат. Кыргызстанда крематорий куруу маселеси эки жыл мурун көтөрүлгөн. Анын башкы максаты биологиялык калдыктарды өрттөө деп айтылган.
АКШнын лидери Дональд Трамп бейшемби күнү кезектеги президент Республикалык партиясынан болорун ишенимдүү айтты. Бул туурасында РИА Новости билдирди. "Президент республикачылардан чыгат деп айтар элем. Чынында эле ошондой болот деп ишенем", — деген Трамп Fox News телеканалына. Ак үй кожоюнунун пикиринде, ал жакшы талапкер болорун жана республикачылардын арасында татыктуулар көптүгүн кошумчалаган. "Биз бир топ ийгиликке жеттик. Алар жерде калбашы керек", — деген өлкө башчысы. Трамп муну менен кошо Иран темасын да ала кеткен. "Бардыгы эле Кошмо Штаттардын президенти болгусу келет. Ар бири кайсы өлкөнүн болбосун, президенттигин же премьерлигин каалашат. Бирок Иранда мамлекет башчылыгына келем деген киши азыр жок", — деген ал. Ак үйдүн башчысы Иранда ушу тапта президенттик тактыдан корко тургандыктарын айткан.