ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыштан чыгып кетүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам аймакта жүргөн кыргызстандыктарды чыгып кетүүгө чакырды.
Маалыматта Сауд Арабия менен Дубай эң коопсуз жол экени айтылат.
Мекенге келүү үчүн төмөнкүдөй авиакаттамдар бар:
Flynas — Жидда — Бишкек/Ош (аптасына 3 жолу)
Uzbekistan Airways — Жидда — Ташкент
Air Astana — Жидда/Эр-Рияд — Алматы/Астана
Turkish Airlines, Pegasus, AJet — Эр-Рияд/Жидда/Даммам — Стамбул
Azerbaijan Airlines — Эр-Рияд/Жидда — Баку
Flydubai — Дубай — Бишкек (аптасына 2 жолу)
Jazeera Airways — Дамма жана Эль-Кайсумы шаарларынан рейстер аткарылат
Qatar Airways — аба каттамдары үзгүлтүккө учурап аткарылууда
Кыргызстандыктарга Сауд Арабиясына кириш үчүн виза керек болот.
ТИМ авиакаттамдар ракета жана дрондордун чабуулунан улам үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертип, коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
Жакынкы Чыгыштагы кризистин дүйнөлүк логистикага таасири. Инфографика