БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн "Ынтымак ордо" билдирди.
Маалыматта мамлекет жетекчилери өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темаларды талкуулашканы айтылат.
Лидерлер эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендигин ырасташты. Мындан сырткары, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алышты.