Жакынкы Чыгыштагы кризистин дүйнөлүк логистикага таасири. Инфографика

Ирандагы кагылышуулар жана кысыктардын (Ормуз жана Баб-эль-Мандеб) жабылуу коркунучу Борбор Азиянын негизги транспорттук коридорлоруна кандай таасир этет, кандай альтернатива бар.
Sputnik
Азия жана Европа аркылуу өткөн дүйнөлүк сооданын негизги маршруттары
Бул туурасында төмөнкү материалда айтып беребиз.
Түндүк – Түштүк эл аралык транспорттук коридору (ЭТК) азыр тынып турат. Балтика деңизинен Перс булуңуна чейинки коридордо кыймыл азыртан эле жайлады. 2025-жылы бул жол аркылуу 21,5 миллион тонна жүк ташылган, бирок 28-февралдан кийин жүк жөнөтүү убактылуу иштебей турат. Ал эми жолдун акыркы тилкесинин курулушу чатактан улам такыр эле токтоп калышы мүмкүн.
Орто коридор жүктү көтөрө албайт. Транскаспий каттамы өсүп жатканына карабастан ал Түндүк – Түштүк коридорун алмаштыра албайт. Мындагы негизги баш ооруткан маселенин бири — тарифтердин кымбаттыгы, порттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана жеткирүүнүн узактыгы.
Эгер Суэц каналы жабылып калса, бул коридор жүктүн кескин көбөйгөн агымына туруштук бере албайт.
Трансафган коридору кечеңдеп жатат. Афганстан жана Пакистан аркылуу Араб деңизинин портторуна чыгуучу бул каттам убакытты кыйла үнөмдөмөк. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатактар жана Афганстандагы коопсуздук кепилдигинин жоктугунан улам долбоор чала бойдон калган. Мындай шартта Түндүк деңиз жолу негизги альтернативага айланып, актуалдуулугу барган сайын өсүүдө. Бул жол Азия менен Европанын ортосунда тез жана коопсуз маршрутту камсыздайт. Ал эми анын жүк ташуу көлөмү 2030-жылга чейин 70-100 миллион тоннага жетиши мүмкүн.