БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев ЕАЭБ премьер-министрлеринин Казакстанда өтүп жаткан жыйынында уюмга мүчө мамлекеттердин чек араларында текшерүүлөрдү кыскартуу, ашыкча көзөмөлдү жок кылуу керектигин айтты.
Өкмөт башчы тышкы геосаясий абал оорлошуп, баа олку-солку болуп турган шартта ички тоскоолдуктарды азайтуу зарылдыгын белгилеген. Ал айрым учурларда бардык жүк ташууларга ашыкча көзөмөл жүрүп жатканын айтып, бул ЕАЭБдин негизги принциптерине каршы келерин кошумчалады.
Касымалиев жүктөрдү тез өткөрүү үчүн санарип платформаларды, мисалы, навигациялык пломбаларды жана электрондук эсеп-фактураларды активдүү колдонуу керектигине токтолгон. Анын пикиринде, бул жүктөрдүн ачык-айкындуулугун да камсыздамакчы.