БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн жасалма интеллект колдонулган бирдиктүү система түзүү сунушталды. Бул туурасында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Шымкенттеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.
Анын айтымында, бул жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга, бизнестин чыгымдарын азайтууга жана Евразия транспорттук коридорлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга мүмкүнчүлүк берет.
Бектенов ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өткөнүн тастыктоо процессин толугу менен электрондук форматка өткөрүү маанилүү экенин кошумчалады. Анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө кагаз документтерге мөөр басуудан баш тартуу жана үчүнчү өлкөлөр менен маалыматтык жактан кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу сунушталууда.