БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыйынчылыктарга карабай ЕАЭБ туруктуу өнүгүү жолунда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал соңку беш жылдагы пандемия, биримдиктин айрым мүчөлөрүнө жасалган санкциялык кысым, дүйнөлүк сооданын кескин өзгөрүшү сымал кыйынчылыктар болгонун белгиледи. Ага карабастан ЕАЭБ экономикасы 2020-жылдан бери 17 пайызга, сооданын көлөмү эки эсе өсүп, улуттук валюта менен соодалашуу 94 пайызга жеткен.
Касымалиев Казакстанга кечээ барды. Сапардын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна катышат.