БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы дагы көбөйдү. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Шымкентте өтүп жаткан ЕАЭБ премьер-министрлеринин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, уюмдун ички дүң продукциясы 1,7 пайызга өсүп, адаттагыдай эле Евробиримдиктегиге караганда жогору турат.
"ЕАЭБдин ИДПсы тышкы абалдын татаалдыгына жана дүйнөлүк рыноктогу туруксуздукка карабастан 1,7 пайызга өстү. Өндүрүш, курулуш жана айыл чарба жаатындагы көрсөткүчтөр өнүгүүгө жакшы салым кошкон", — деди Мишустин.
Ал муну менен бирге эле ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салуу тармагындагы тобокелдиктерди башкаруу системасы натыйжалуулугун далилдегенин белгиледи. Мишустиндин айтымында, бажы органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана таза иштеген бизнесмендердин жүгүн жеңилдетүү үчүн системаны өнүктүрүү зарыл.
“Мыйзам чегинде иштеген бизнес мындан утушта гана болот, колдонуучулар да коопсуз жана сапаттуу продукт алат”, — деди РФ премьери.