УКМК кызматкеримин деп ири алдамчылыкка шектелген киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, ири алдамчылыкка шектелген азербайжандык кармалганын атайын кызмат билдирди.
Маалыматта шектүү жабырлануучуга өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, ишеничине кирип, тергөө абагында камакта жаткан уулун актап бермекчи болуп 24 100 доллар жана 100 миң сом акча алганы айтылат.
Мындан тышкары, былтыр сентябрда Вьетнамдан жумушчу алып келем деп тигүү цехинин ээсин 14 миң долларга алдап кеткени аныкталган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Баткенде бирөөнүн үйүн тоногон киши Бишкекке жөнөп жаткан жеринен кармалды