БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда Венесуэладагы операция америкалыктарга оңбогондой көп киреше алып келгенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жүз миллион баррель мунайды биринчи аптада алдык... Чабуул жасаганда кеткен чыгымды жаптык. Кыязы, 4-5 эсе көп таптык. Азыр Венесуэладан жүз миллиондогон баррель мунай алуудабыз: аларга көп берип, бирок өзүбүзгө да арбынын калтырып жатабыз", — деген Трамп.
АКШ 3-январда Венесуэлага массалык чабуул коюп, президенти Николас Мадуро менен аялын Нью-Йоркко алып чыгып кеткен. Америка соту аларды баңгизат террорчулугуна күнөөлүү деп тапкан.