Фотожурналист Григорий Дукор студенттер жана мамлекеттик органдардын маалымат катчылары үчүн мастер-класс өткөрдү.
SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Kyrgyzstan агенттигинин маалымат борборунда өттү.
Дукор күн демине чыга турган сүрөттөрдү кантип тартуу керектигин, адам эмнени көрсөтүп, эмоцияны кантип жеткириши керектигин, ошондой эле журналисттик окуяларда фотоконтент кантип натыйжалуу колдонуларын түшүндүрдү.
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдордун студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бет маңдай жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.