Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаевдин баш коргоо чарасы тандалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев 16-майга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Маалымдалгандай, сот 26-мартта ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн Тургунбаевди үй камагына алуу өтүнүчүн канааттандырган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелүүдө. Мындай кине менен күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып жазаланат.
43 жаштагы Мелис Тургунбаев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы чуулуу иштерден улам коррупцияга шектелип кармалган. Ал мурда аталган уюмдун башкаруучулар кеңешинин жетекчиси болуп турган.
Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган.
Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
"Кыргызнефтегаз" иши боюнча кармалгандар тергөө абагына киргизилди