БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортуна кетчү дагы бир унаа жолу курулууда. Бул тууралуу аба майданынын маалымат кызматы билдирди.
"Манас" аэропортуна кеткен жаңы жол
© Фото / ОАО "Аэропорты Кыргызстана"
Трасса азыркы жолдун түштүк жагына түшүп, узундугу 1,6 чакырымды түзөт. План боюнча, жаңы жол эки тилкелүү болуп, акы төлөнүүчү шлагбаумдарга жакындаган жеринде сегиз тилкеге чейин кеңейтилет. Ошондой эле жолдордун ортосу жашылдандырылат.
Аэропортко алып барчу азыркы жол "Манас-2" аэровокзалына каттай турган расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждер үчүн колдонулуп, жаңысы жалпы пайдаланууда болот.
Учурда аэропорт да кеңейтилип жатат. Анын аянты чоңоюп, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт. Мындан тышкары, 650 унаага ылайыкталган жабык унаа токтотуучу жай курулууда.