БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте топ кыздар бир кызды ур-токмокко алып, ал жоругун видеого тартышкан.
Свердлов райондук милициясы мындай жосунга 17 жана 19 жаштагы кыздар барганын билдирди. Жабырлануучуга 17 жаштагы кыздардын бири кол көтөргөн.
Алар ата-энелери менен кошо милиция бөлүмүнө жеткирилген. 19 жаштагы кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жашы жете электердин ата-энелерине протокол түзүлгөнү айтылды.