Кытай Кыргызстанга жасалма жаан чакырган 12 дрон өткөрүп берди

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 12 дронду акысыз өткөрүп берди.
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков маалыматтык технологиялар тармагында иш жүргүзгөн Цюаньибао компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Учкучсуз учуучу аппараттар айыл чарба иштерин жүргүзүүдө колдонулат. Анын ичинде өсүмдүктөрдү коргоо, айыл чарба жерлерин мониторинг кылуу, ошондой эле жасалма түрдө жаан-чачын чакыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн пайдаланылат.
Ошондой эле дрондорду колдонуу тармагындагы адистерди окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча адистештирилген борбор түзүү мүмкүнчүлүгү каралганы кабарланууда.
Баткенде жети жасалма мөңгү тоңдурулду. Сүрөт