БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЕАЭБ саммитинде эмгек миграциясы боюнча консультациялык аянтча түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, ЕАЭБ келишиминде эмгек миграциясы жаатында макулдашылган саясатты киргизүү жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыздоо каралган. Бирок улуттук деңгээлде мыйзамдарды иштеп чыгууда өлкөлөр ортосунда координация толук кандуу жүргүзүлбөй келет.
Белгилей кетсек, Касымалиев Казакстанга сапарынын алкагында Шымкент шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда. Андан соң Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна барат.