Касымалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өнөр жай ажырымын чечүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өнөр жай тармагындагы ажырымды чечүүгө чакырды.
"Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр күчтөнүп, экономикасы эми бутуна туруп келе жаткандар атаандаштыкка туруштук бере албай, четке чыгып калууда. Мындан улам бюджет субсидияларга кете турган алымдардан киреше таппай жатат", — деди Касымалиев.
Өкмөт башчы мындай туңгуюктан кантип чыгуу керектигин да айтып берди.
Бул үчүн индустриялык резерв принцибин киргизүүнү сунуштады. Анда мамлекеттер аралык программанын алкагында чакан өлкөлөр үчүн өндүрүш тармактарын бөлүп койсо болот. Мисалы, жеңил өнөр жайы, айыл чарба техникасы үчүн тетик чыгаруу же айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жааттарын караштыруу ыңгайлуу.
Белгилей кетсек, Касымалиев Казакстанга болгон сапарынын алкагында Шымкент шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда. Андан соң Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна барат.
Өкмөт башчы ЕАЭБ жыйынында мигранттарга колдоо көрсөтчү аянтча түзүүнү сунуштады