БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Иран Американын болушу мүмкүн делген интервенциясына каршы аскер күчүн мобилизациялаганын Mehr өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды.
"АКШ күчтөрүнө каршы миллиондон ашуун ирандык жоокер мобилизацияланды", — деп жазылат кабарда.
Кечээ Американын Аскер-аба күчтөрүнүн учактары Бириккен Араб Эмирликтеринин асманында маневр жасап, Иранда кургактагы операцияга даярдык көрүп жатканын кыйытты. Wall Street Journal гезитинин журналисти Алекс Уорд мурда бир нече конгрессменге шилтеме жасап билдиргендей, АКШ жакынкы аралыкта Иранга басып кириши мүмкүн.
CNN мурда Тегеран Харк аралында америкалыктардын мүмкүн болгон чабуулуна каршы коргонуусун күчөтүп жатканын кабарлаган. Бул арал аркылуу Ирандын мунай экспортунун дээрлик 90 пайызы өтөт. Басылманын маалыматы боюнча, аны басып алуунун максаты — Иранды негизги экономикалык ресурстан ажыратуу жана Вашингтондун сүйлөшүүлөрдөгү позициясын бекемдөө.
АКШ менен Израилдин Иран Ислам Республикасына каршы операциясы 28-февралдан бери уланууда. Ошондон бери эки тарап тең бири-бирине сокку уруп келет. Чыр-чатактын күчөшү Перс булуңунан мунай жана суюлтулган жаратылыш газын ташуу үчүн негизги жол болгон Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин дээрлик толугу менен жабылышына алып келди. Мунун артынан энергия ресурстарынын баасы рекорддук деңгээлге чейин өстү.