БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. АКШнын лидери Дональд Трамп бейшемби күнү кезектеги президент Республикалык партиясынан болорун ишенимдүү айтты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Президент республикачылардан чыгат деп айтар элем. Чынында эле ошондой болот деп ишенем", — деген Трамп Fox News телеканалына.
Ак үй кожоюнунун пикиринде, ал жакшы талапкер болорун жана республикачылардын арасында татыктуулар көптүгүн кошумчалаган.
"Биз бир топ ийгиликке жеттик. Алар жерде калбашы керек", — деген өлкө башчысы.
Трамп муну менен кошо Иран темасын да ала кеткен.
"Бардыгы эле Кошмо Штаттардын президенти болгусу келет. Ар бири кайсы өлкөнүн болбосун, президенттигин же премьерлигин каалашат. Бирок Иранда мамлекет башчылыгына келем деген киши азыр жок", — деген ал.
Ак үйдүн башчысы Иранда ушу тапта президенттик тактыдан корко тургандыктарын айткан.
Эске салсак, АКШ президентин шайлоого дагы эки жыл бар. Мыйзам боюнча, Трамп бул саясий өнөктүккө катыша албайт, себеби ал Республикалык партиясынан мамлекеттин башына эки жолу келди.