БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ишемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад аймактарында +23…+28, Баткен облусунда +22...+27, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын өрөөнүндө +11...+16 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градуска жетет.