Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселеси курч бойдон калууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, 2025-жылы мындай иштердин саны 24 пайызга өскөн. Адистер бул көрсөткүчтү бир жагынан — зомбулуктун деңгээлинин жогорулашы, экинчи жагынан — жабырлануучулардын укук коргоо органдарына кайрылуусу көбөйгөнү менен түшүндүрүшөт. Бирок негизги суроо ачык бойдон калууда: жарандардын укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатат? Биз аталган маселени талкуулап, жабырлануучуларга көрсөтүлгөн жардам, мыйзамдардын иштеши жана системадагы негизги көйгөйлөр тууралуу сөз кылдык.