Ысык-Көлдүн экологиялык абалы акыркы жылдары адистерди тынчсыздандырууда. Маалыматтарга караганда, 30 жыл мурда көлгө 88 дарыя куюлса, азыр алардын 32си гана жетет, ал эми акыркы 100 жыл ичинде көлдүн деңгээли 12 метрге төмөндөгөн.
Учурда көлдүн экологиялык абалын изилдөө боюнча жаңы үч жылдык илимий долбоор башталганы турат. Адистердин айтымында, көл жээгинде туристтердин көбөйүшү жана саркынды сууларды тазалоочу жайлардын жетишсиздиги экосистемага терс таасирин тийгизүүдө.
“Спутниктен сүйлөбүз” программасынын алкагында Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов Ысык-Көлдүн экологиялык абалы, туристтердин санынын тийгизген таасири, мөңгүлөрдүн азайышы, суу ресурстарын башкаруу жана Улуттук илимдер академиясынын эксперттик ролу боюнча айтып берди.