Алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгы салынат — кайсы товарларга тиешелүү?

Sputnik
Салык кызматы ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган, балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөн алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгын салуу жана акциздик маркалар менен маркалоону киргизди. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-майынан баштап өлкө аймагында мындай продукциянын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Мындай кадамдын максаты, талаптары тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков түшүндүрдү.