БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте ШКУ жаштарынын I Дельфи оюндары жыйынтыкталды.
Жабылыш аземи жана жеңүүчүлөрдүн гала-концерти Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Оюндар 23-27-март күндөрү өтүп, ага тогуз өлкөдөн 700гө жакын катышуучу чогулду. Жаш таланттар фортепиано, вокал, элдик бий, диджейлик, сүрөт өнөрү жана көркөм кол өнөрчүлүк сыяктуу сегиз номинация боюнча күч сынашты.
Дельфий оюндары — бул искусство тармагындагы ири мелдеш болуп, чыгармачыл жаштарды бириктирип, маданий алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.