Шымкентте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.
Минкабдын маалыматына ылайык, анда ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны эртең, 27-мартта, улантылып, 10дон ашуун маселе каралат.
Амангелдиев менен Оверчук кызматташтык маселелерин талкуулашты