Россиялык академик Миррахимов атындагы алтын медаль менен сыйланды

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын Бишкектеги VIII конференциясында Россиядагы Алмазов атындагы медициналык улуттук борбордун башкы директору, академик, профессор Евгений Шляхто Мирсаид Миррахимов атындагы алтын медаль менен сыйланды.
Аны М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев тапшырды.
"Мурдатан эле билим берип, окутуп келебиз. Ноокастарыбыздын аман-эсендиги үчүн ар кыл изилдөөлөрдөн, долбоорлордон баш тартпай иштеп келе жаткан кесиптештеримдин ишенимин актайм деп ойлойм", — деген Шляхто.
ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII конференциясы Кыргызcтандын аталган уюмга төрагалыгынын алкагында өтүүдө жана ага мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусуна карата уюштурулган.
Форум төрагалыктын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге" деген урааны менен болууда. Анын алкагында Россия медицинасынын күндөрү да өткөрүлөт. Иш-чараны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурууда.
Дамир Осмонов: медицина ар бир адамга жеткиликтүү болушу керек