Дамир Осмонов: медицина ар бир адамга жеткиликтүү болушу керек

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо системасынын негизги милдети — медицинанын заманбап жетишкендиктери жашаган жерине карабастан ар бир адамга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ШКУ өлкөлөрүнүн ооруканалар альянсынын VIII конференциясында билдирди.
Ал Кыргызстанда адистерди колдоого жана аймактардагы саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган “Жаш дарыгердин депозити” программасы ишке ашырылып жатканын эске салды.

“Саламаттыкты сактоонун келечеги — бул технологиялар жана инновациялар гана эмес. Бул, биринчи кезекте, сакталган өмүрлөр жана адамдардын медициналык жардам системасына болгон ишеними. Биз дарыгерлер, окумуштуулар, жаш адистер бардык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү экенине ишенебиз”, — деди Осмонов.

Министрдин айтымында, эл аралык кызматташтык өзгөчө мааниге ээ.

“Билим алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлор жана мыкты тажрыйбаларды киргизүү алдыга жылууга мүмкүнчүлүк берет. Дал ушундай аянтчалар, мисалы, “Миррахимов окуулары” миңдеген өмүрдү сактап кала ала турган чечимдер жаралган бирдиктүү кесиптик мейкиндикти түзөт”, — деди Осмонов.

ШКУ өлкөлөрүнүн ооруканалар альянсынын VIII конференциясы Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгынын алкагында өтүп, ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусуна арналган. Форум “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге” деген ураандын алдында өтүүдө.
Уюштуруучулар — Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору.
Министрлик апрелден тарта медиктер канча айлык аларын тактады