Спикер Маматалиев Мамдума төрагасы Володин менен жолукту. Эмне кеп болду?

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында Федералдык жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу да сөз болду.
Маматалиев төмөндөгүдөй бир катар актуалдуу маселелерди көтөрдү:
коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу;
"Амина" санариптик каттоосун кеңейтүү;
эмгек мигранттарынын үй-бүлөсү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу;
мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу;
өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү;
ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучулар үчүн жаралган тоскоолдуктарды жоюу.
Расмий жолугушуу аяктагандан кийин Володин тиешелүү тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө жана ведомстволордун жетекчилерине көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды.
Адылбек Касымалиев Казакстанга барды