БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Эшперов айылындагы бала бакчанын директору Аида Жаныбекова "КМШнын мыкты мугалими" аталышындагы эл аралык сынакта жеңишке жетти.
Ал 12-февралда биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында болуп, анда Жаныбекова "КМШнын мыкты педагогу" деген наамга татыган. Сынак КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдерин бириктирип, алардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган.
Мугалим 20 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле ал социалдык тармактар аркылуу орус тилин окутуп, кеңири аудиторияга билим берип жүрөт.