Кыргызстанда киберспортту расмий таанып, өнүктүрүү сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда киберспортту расмий түрдө таанып, аны мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыркы жылдары дүйнөдө Dota 2, Fortnite жана башка оюндар боюнча көп миллиондук байге фонду бар ири турнирлер өткөнүн эске салды. Киберспорт көптөгөн мамлекеттерде буга чейин эле спорттун бир түрү катары таанылган.
"Мыйзам долбоору киберспорт боюнча мектептик жана студенттик командаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле мектептик жана студенттик лигаларды өткөрүүнү карайт. Бул жаштарды уюшкан мелдештерге тартууга, командалык иштөөнү, тартипти жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт. Киберспорт туура уюштурулган шартта ден соолукка зыян келтирбейт. Негизги коркунучтар оюнду көзөмөлсүз ойноодон келип чыгат. Документ жашы жете электердин катышуусунун эрежелерин киргизет, анын ичинде ата-энесинин макулдугу жана жаш курактык чектөөлөрдү сактоо талап кылынат", — деп айтылат негиздеме катта.
Белгиленгендей, бул багытты өнүктүрүү Кыргызстан үчүн өзгөчө пайдалуу болушу мүмкүн. Ал ири бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт, бирок санариптик экономикада, IT-индустрияда жана иш-чараларды уюштуруу тармагында жаңы жумуш орундарын түзө алат. Эл аралык турнирлер чет өлкөлүк катышуучуларды, көрүүчүлөрдү жана инвесторлорду тартат, туризмди, мейманкана бизнесин, интернет-инфраструктураны жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Көзгө жакшы көрүнөт. "Бишкек Арена" стадионунун асмандан тартылган видеосу